11:21 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

Бишкектин бир бөлүгүндө муздак суу өчүп калды. Себептери

© AFP 2019 / FRANCK FIFE
Коом
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Айрым калаа тургундары үйлөрдө муздак суу жок экенин айтып, нааразы болушууда.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Борбор калаадагы бир нече көп кабаттуу үйлөрдө ысык суунун өчүшүнө байланыштуу муздак суунун түтүктөрүндөгү басым төмөндөп кетти. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, калаа тургундары муздак суунун жоктугуна же суу басымынын төмөндүгүн айтып арызданышууда. Көйгөй тууралуу Telegram мессенджериндеги "Бишкек сегодня" каналына дагы жарандар билдирме калтырып жатышат. Түтүктөрдөгү басым "Улан-2", 12-кичи район жана Ош базарынын аймагындагы төмөндөп кеткен.

"Оңдоо иштерине байланыштуу ысык суунун өчүрүлүшүнөн улам муздак суунун басымы төмөндөп кетти. Мындай көйгөйгө кабылбаш үчүн ысык суу жеткирген вентилди жаап салуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте ысык суу 21-июнга чейин өчкөн. Бул кышка сапаттуу даярдануу үчүн түтүктөрдү оңдоп-түзөө максатында жасалууда.

Тема боюнча

Ысык суу өчтү! Бишкектеги мончолордун дареги жана баасы
Белгилер:
түтүк, ысык суу, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ