Булан институту: министрдин буйругу күздө айрым мугалимдерди жумушсуз калтырат

Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин бул буйругунан көпчүлүк мугалимдердин кабары жок.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын 2018-жылдын 5-январындагы буйругу быйыл окуу жылы башталганда көп мугалимдерди жумушсуз калтыра турганы Булан институтунун баяндамасында айтылат.

Министр "Жалпы билим берүү мекемелеринде педагогикалык кызматкерлердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмүн бөлүштүрүү тартиби тууралуу" буйрукка кол койгон.

Институттун маалымдашынча бул буйрук тууралуу учурда көпчүлүк мугалимдердин кабары жок. Облустук, райондук билим берүү башкармалыктарына бул буйрук таратылган.

"Министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу 2018-жылы жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп, босого жүктөмдү киргизди. Буйруктун 1-тиркемесин карасак, көбүнчө сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек экен. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер 2018-2019-жаңы окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Бул буйрукту аткарбаган жетекчилерге административдик катуу чаралар көрүлөт. Аны аткарууга Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы жана облустук, райондук билим берүү башкармалыктары жооптуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0