14:19 24 Бугу 2018
Түз эфир
Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол эрежелерин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүн блоктой баштады

Ысык-Көлдө жол эрежесин бузган унаалардын дөңгөлөгү блоктоло баштады

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Коом
Кыскача шилтеме алуу
98 0 0

Ушул тапта облус боюнча 43 унаанын дөңгөлөгү блоктолуп, айдоочулар жоопко тартылды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол эрежелерин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүн блоктой баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата мындай чаралар Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин 223 (Айдоочулардын транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуусу) жана 235-беренелери (Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин сактабагандыгы) негизинде колдонулууда.

  • Блокировка колес в Иссык-Кульской области
    Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол эрежелерин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүн блоктой баштады.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Блокировка колес в Иссык-Кульской области
    Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата мындай чаралар Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин 223 (Айдоочулардын транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуусу) жана 235-беренелери (Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин сактабагандыгы) негизинде колдонулууда.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол эрежелерин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүн блоктой баштады.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча дөңгөлөк блоктоочу жети каражат бар. Буга чейин аймак тургундарына ЖМК аркылуу жана эл менен жолугушуу маалында жол тартибин бузгандарга жогорудагыдай чаралар көрүлөрү эскертилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, ушул тапта облус боюнча 43 унаанын дөңгөлөгү блоктолуп, айдоочулар жоопко тартылды.

Тема боюнча

Ысык-Көлдүн окуучулары туристтик сезондо жолдо жүрүүнү үйрөнүп жатышат
Баткендин милициясы "Абайла, балдар!" иш-чарасын өткөрүүдө
Белгилер:
жол эрежеси, унаа, ЖКККББ, Ысык-Көл
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ