Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата фотокөргөзмө өтөт

Жазылуу
Мамлекеттик резиденцияда жайгашкан "Айтматовдун үй музейине" экскурсия уюштурулат.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата борбор калаада "Айтматовдун күндөрү" аттуу фотокөргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2-майдан 7-майга чейин шаардагы соода борборунун биринде болот.

"Көргөзмөдө жазуучунун сүрөттөрү, чыгармаларынан алынган айрым эпизоддор ташка чегилип, көрүүчүлөргө бийиктиги 2,5 метр болгон Айтматовдун портрети да сунушталат. Ал эми 4-май күнү 17:00дө ырчы, комузчу, балет бийчилери жана манасчылардын катышуусунда концерт өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, мамлекеттик резиденцияда жайгашкан "Айтматовдун үй музейине" экскурсия уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0