20:18 18 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Чуркаган балдар. Архивдик сүрөт

Бишкекте балдар арасында Fun Run жарышы өтөт

© Sputnik / Александр Вильф
Коом
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

1000 метрлик чуркоого 500дөй бала катышат.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Борбордо XVIII Азия оюндарын таанытуу максатында Fun Run аталышындагы жарыш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 3-майда борбордогу Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында болмокчу. 1000 метрлик жарышта 500дөй бала күч сынашат. Катышуучуларды каттоо мелдеш күнү 9:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Иш-чара өзү саат 10:50дө башталат.

Fun Run мелдеши 2006-жылдан бери Азия оюндарын таанытуу максатында Азия Олимпиада комитетинин колдоосу менен өтүп келет.

Эске сала кетсек, быйылкы Азия оюндары 12-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палимбанк шаарларында өтөт. Мелдешке 45 мамлекеттен 10 миңден ашык спортчу катышары күтүлүүдө.

Кечээ Кыргызстанга иш сапары менен Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү, 19 өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, Жакартадагы Азия оюндарынын жана Япониядагы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү келген.

Тема боюнча

Граната ыргытып, автомат чогулткан окуучулар. Бишкекте аскердик сынак өттү
Белгилер:
оюн, чуркоо, Спорт, олимпиада, Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ