Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштар менен айылдарда суу өчөт. Тизме

Жазылуу
Суу берүү Бишкектин батыш тарабында жана ага жакын айылдарда убактылуу токтотулат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаанын чет-жакасындагы жаңы конуштар менен айылдарда 26-апрель күнү (9.00дөн 17.00гө чейин) суу берилбей турганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул "Башкара-Суу" суу кампасындагы оңдоо иштери менен байланыштуу.

Төмөндөгү жаңы конуштардын жашоочулары суу камдап алуусу зарыл:

— "Орок";

— "Арча-Бешик";

— Ак-Ордо;

— Ак-Өргө (№40 квартал).

Айылдар:

— Сарбан;

— Жал;

— Орок;

— Селекция;

— Кашка-Баш;

— Калтар.

Мекемелер:

— "Газпром" дене тарбия жана ден соолук комплекси;

— №93 мектеп;

— №79 мектеп;

— №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

— №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Жаңылыктар түрмөгү
0