Бишкекте төрт күн бою мыкты тасмалар бекер көрсөтүлөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан көрүүчүлөргө жети даректүү тасма тартууланмакчы.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор калаад "Артдокфест" фестивалы өтө турганы иш-чаранын баракчасында маалымдалды.

"Артдокфест" — 2007-жылдан бери Москвада өтүп келе жаткан даректүү тасмалардын фестивалы. Тасмалардын, сеанстарынын саны, программанын көлөмдүүлүгү боюнча бүгүнкү күндөгү Россиядагы чыгармачыл аятча болуп саналат.

Бишкекте жети фильм тартууланат:

— "Полет пули" (режиссеру Беата Бубенец);

— "Родные" (Виталий Манский);

— "Песни для Кита" (Руслан Федотов);

— "На пороге страха" (Мария Кравченко);

— "Кино для Карлоса" (Ренато Боррайо Серрано);

— "Экстремисты" (Алексей Тихомиров);

— "Король Лир" (Денис Клеблеев).

Фестиваль 26-29-апрель күндөрү Токомбаев, 21а дарегинде өтөт. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0