Аламүдүндөгү Таш-Төбө айылына чукул жерде токой паркы пайда болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп бараткан адам. Архив
Паркта сейилдеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токой паркын түзүүнүн максаты — жарандардын эс алуучу аймагын түзүү эмес, биринчи кезекте климаттык шартты жакшыртуу

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте аянты 2660 гектарды түзгөн токой болорун муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Бишкектин токой паркы" долбоору тааныштырылып, талкууланды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Төбө айылындагы тоого жакын жерде орун алат.

"Парктын аянты 2660 гектарды түзөт. Ал жакка кызыктуу ландшафтык экспозиция да орун алып, жер кыртышын бекемдей турган жаңгак багы, кызыл карагай, кайың, арча отургузулат", — деп айтылат маалыматта.

Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаратылышты неге мынча кордодук… самсаалаган желим баштыктар. Видео
Профессор Эмил Шүкүров шаардык токойду түзүү 80-жылдары эле сунушталып, аталган аймак бөлүнгөнүн кошумчалады.

90-жылдары долбоор иштелип чыгып, адистердин кеңешин эске алуу менен макулдашылган. Бирок каражаттын жоктугунан ишке ашпай калган. Шүкүров токой паркын түзүүнүн максаты жарандардын эс алуучу аймагын түзүү эмес, биринчи кезекте климаттык шартты жакшыртуу экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0