Эске алгыла! Бишкектин оңдолуп жаткан көчөлөрүнүн картасы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жабылган жолдордун көбүн жай мезгилинин ортосуна чейин оңдоп-түзөөгө убада берди.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте оңдоп-түзөө үчүн 13 борбордук көчө убактылуу жабылды.

Быйыл ремонттоло турган борбордук көчөлөр:

Чыңгыз Айтматов проспектиси. Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин (Түштүк магистраль) — 15-июнь;

Достоевский көчөсү. Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин — 30-июль;

Чүй проспектиси. Шабдан баатыр көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин — 15-май;

Шабдан баатыр көчөсү. Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (батыш тарабы) — 10-июль;

Чүй проспектиси. Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин — 1-июль;

Термечиков көчөсү. Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин — 5-июль;

Жибек-Жолу проспектиси. Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин — 23-апрель;

Салиев көчөсү. Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин — 15-июль;

Москва көчөсү. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин — 10-май;

Ахунбаев көчөсү. Садырбаев көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейин — 1-май;

Ахунбаев көчөсү. "25" көчөсүнөн Көпүрө-Базар көчөсүнө чейин — 1-май;

Орозбеков көчөсү. Фере көчөсүнөн Можайский көчөсүнө чейин — 1-май;

Щербаков көчөсү. Манас проспектисинен Махатма Ганди көчөсүнө чейин — 1-июль;

Айни көчөсү. Псков көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин — 15-июнь;

Эркиндик бульвары. Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин — 15-май.

Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү долбоорунун негизинде мэрия жалпы 23 көчөнү оңдоп-түзөйт. Анын ичинен быйыл 15и жасалып калганы кийинки жылы бүткөрүлөт. Аларды оңдоп-түзөөгө кытай грантынан жалпы 160 миллион юань (25,3 миллион доллар) бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0