Бишкекте маршруткалар качан каттамга чыгары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкектеги дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте иш таштаган маршрутка айдоочулары кечке чейин ишке чыгат. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

Бүгүн мэрияда маршруттук компаниянын жетекчилери менен мэр, Транспорт министрлигинин өкүлү жана Жол кыйымылы коопсуздугунун жетекчисинин катышуусунда жыйын өттү.

"Маршуткаралар бүгүн эле каттамга чыгат, азыр жетекчилери айдоочулар менен сүйлөшкөнү кетишти. Маселени түшүндүрөт, кечке чейин каттап калат. Биз ар бир жетекчиден өзүңөр жол баштап чыккыла деп сурандык. Аларды милиция көзөмөлгө алмакчы. Каттамга чыккандардын терезелери талкаланып жатат деген факт түшкөн жок. Эгер ушундай фактылар катталган болсо чара көрөбүз. Айдоочуларга кайрыларым, бүгүн канча деген кишини жолдо калтырдыңар, чыгып бергиле, меселеңерди угуп карап берели деп жатабыз", — деди Атыканов.

Ошондой эле ал коюлган талаптарды карап чыга турганын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0