БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең менентен тарта иш таштаган маршрутка айдоочулары жолдо жүрүү эрежелери боюнча талап коюп жатканын 12-кичирайондо чогулган жерине барган Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта айдоочулар жолдун экинчи чийининен бурулууга жана аялдамадан гана эмес, каалаган жеринен токтоп жүргүнчү алап түшүрүүгө уруксат берүүсүн талап кылууда. Мындан тышкары, жол кирени 15 сомго чейин жогорулатып, жөө жүргөндөр "көп учурда кырсыктын болушун шарттаганы" үчүн айып пулду көбөйтүүнү да сунушташты.
Эске салсак, маршрутка айдоочулары 1-апрелден баштап киргизилген милдеттүү камсыздандыруу боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат.
Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.
Ушу тапта маршрутка айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу абал кандай болуп жатканына тексттик трансляциядан көз салып турсаңыз болот.