Бишкекте интеллектуалдардын эл аралык жолугушуусу өтөт

Жазылуу
Эксперттер Евразияда чөлкөмдөгү радикалдык-экстремисттик жараяндардын алдын алуу жолдорун талкуулайт

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Борбор калаада "Евразияда бирдикте жашоо тажрыйбасы" деп аталган интеллектуалдардын VI эл аралык жолугушуусу өтөт. Бул туурасында "Сереп" изилдөө институтунан билдиришти.

Комплекс мечети Аль-Акса в Старом городе Иерусалима - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер Борбор Азияда кайсы өлкө көбүрөөк светтик экенин айтышты
Жолугушууда Кыргызстан, Кытай, Россия, Түркия, Казакстандын эксперттери Евразияда чөлкөмүндөгү радикалдык-экстремисттик жараяндардын алдын алуу жолдорун талкуулайт. Миграция маселеси жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору туурасында да кеп болот.

Аталган жолугушууну Илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн эл аралык институту, Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңеши, КРдин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана "Сереп" изилдөө институту биргеликте уюштурууда.

Иш-чара 2-апрелде борбор калаадагы отелдеринин биринде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0