ӨКМ Бишкек — Ош жолундагы абал боюнча маалымат таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход лавины в ущелье "Чычкан" на автодороге Бишкек — Ош
Сход лавины в ущелье Чычкан на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар көчкү түшүү коркунучунан улам үч күн бою түнкүсүн жолду жаап атайылап карды атып түшүрүү иштери аткарылууда

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу толугу менен ачылып унаалардын бардык түрү өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билгилей кетсек, аба ырайынын туруксуздугунан улам түндүк менен түштүктү бириктирген жолдо кар көчүү коркунучу туулган. Мындан улам 17-20-март күндөрү саат 21.00дөн 6.00гө чейин "Сосновка", "Арал" жана "Өтмөк" посттору түнкүсүн транспорттун бардык түрлөрү үчүн жабылмай болгон

"18-мартта дагы түнкүсүн жол жабылып карды атайылап атып түшүрүү иштери аткарылды. Кайра 19-мартта эртең мененки саат 6.00дөн тарта унаалар коё берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле кар көчкү түшүү коркунучу башка аймактагы жолдордо дагы сакталууда.

Унаа каттамдары Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жөнгө салынып жатат. Адистер айдоочуларга унаа ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0