Жети-Өгүздө балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун алдын алган форум өттү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи самоубийства в КР
Случаи самоубийства в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада окуучулар жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүү менен гана максатка жетсе болору айтылды

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында форум өткөнүн муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар, экстремизм, террорчулук, ошондой эле суицид менен талап-тоноочулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

"Жергиликтүү бийлик менен укук коргоо кызматкерлери бул жааттагы аткарып жаткан иштеринен кабар берип, кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ойлорун ортого салышты. Ал эми Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов окуучулар жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүү менен гана максатка жетсе болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле райхатиб мындай форумдардын өтүшү иштин жүрүп жаткандыгынан кабар бере турганын белгилеп, коомчулук менен тыгыз кызматташуу керек экендигине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0