09:25 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)
106210

Бүгүн белгилүү режиссер, сценарист Садык Шер-Нияздын туулган күнү. Кыргыздын киносу менен айтыш өнөрүнүн кайра жандануусуна бараандуу салым кошкон инсан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Курманжан датка" тасмасын тарткан депутат тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Элеттен чыйралган…  Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында туулган. Көп балалуу үй-бүлөдө тарбияланган жаш талант мектепти бүткөн соң Фрунзе шаарындагы машина куруу техникумунда куруучу-технолог адистиги боюнча билим алган. Окуу жайды 1987-жылы бүткөндөн кийин кесиби боюнча иштеген. 

Режиссер, сценарист Садык Шер-Нияз и писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
© Фото / из личного архива Садыка Шер-Нияза
Салижан Жигитов менен Садык Шер-Нияз

Балалык кыял. Экинчи жогорку билимин Улуттук университеттин юридикалык факультетинде алган. Андан соң юрист-консультант, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы жана акыйкатчынын орун басары болуп эмгектенген. Бирок көөдөндөгү кино тартуу кыялынан баш тарта албай кызматтан кетип, Москвага билим алаганы жол тарткан.

Мыкты режиссер. Мурдагы маданият министри өзүнүн чыгармачылык жолунда "Биринчи кадр", "Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн", "Аян", "Форс-мажор" тасмаларын жараткан. Соңку ири эмгеги катары "Курманжан датка" тарыхый фильми эсептелет. Алай ханышасы тууралуу тартылган эмгек дүйнөнү түрө кыдырып, бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырды. Режиссер анын аркасында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык алды

Режиссер, сценарист Садык Шер-Нияз с своей семьей
© Sputnik / из личного архива Садыка Шер-Нияза
Садык Шер-Нияз жубайы экөө бир кыз, эки уулдун ата-энеси

Жаратман инсан. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер "Айтыш" коомдук фондусун, "Айтыш фильм" киностудиясын жана "Калемгер" адабий клубун негиздеген. Анда төкмө акын, киночулар менен жаш акын-жазуучулардын башы биригип, өнөрлүү жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келет. Алсак, "Айтыш фильмден" жыл сайын жаш режиссерлордун онго жакын эмгеги жарык көрсө, "Айтыш" фонду төкмөчүлүк өнөрдүн жандануусуна салым кошуп келет. Андан сырткары, "Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы", "Ак илбирс" жана "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалдарын негиздеген. 

Режиссер-постановщик, сценарист Садык Шер-Нияз и премьер-министр КР Сапар Исаков во время награждения деятелей культуры и искусства Государственной премией Кыргызской Республики имени Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры. 27 февраля, 2018 года
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Алай ханышасы тууралуу тартылган эмгек дүйнөнү түрө кыдырып, бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырды. Садык Шер-Нияз анын аркасы менен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык алды.

Маданият үчүн күйгөн… Садык Шер-Нияз учурда Жогорку Кеңеште эл өкүлү болуп эмгектенип, парламентте маданияттагы көйгөйлөрдү байма-бай айтып келет. Депутат кийинки чакырылышта саясаттан оолак болуп, Манас боюнча түрдүү долбоорлор менен алектенүүнү пландап жатканын белгиледи. Кинематографисттер биримдигинин мүчөсү жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)

Тема боюнча

Кезинде пол жууп, азыр президенттер чакырткан Азыкбаев. Музыкант тууралуу 6 факты
Асылбек Өзүбеков 60ка толду. Багбан, обончу жана баяндамачы тууралуу 6 факты
Кайран элге күйгөн, Tico айдаган Доке. Дооронбек Садырбаев тууралуу 7 факты
Садык Шер-Нияз — өмүр баяны
Белгилер:
депутат, режиссер, Садык Шер-Нияз, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ