Президент кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчысы мекен сакчыларына бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күн менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Мекенди коргоочулардын күнү менен чын пейилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жаткан мекен коргоочуларга жана атуулдук парзын өтөп, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерибизге кызматы үчүн терең ыраазычылык билдирем", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент кошумчалагандай, 100 жыл мурда Кызыл Армия жана Аскер деңиз флоту түзүлгөн. Ошондой эле даӊктуу тарыхый жолду басып өткөн согуштун ардагерлеринин көөнөрбөс салтын жаӊы муундун өкүлдөрү татыктуу улап келе жатканы айтылды.

Куттукттоосунун аягында өлкө башчысы мекен сакчыларына бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0