08:56 15 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.2500
  • EUR78.8515
  • RUB1.0374
Ноутбук. Архив

Баткен облусун интернет менен толук камсыздоого 60 млн. сом керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
80 0 0

Облус аймагындагы 42 айылда мобилдик байланыш жок

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 13-февралда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, облус жетекчиси Абиш Халмурзаев аймактын 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салимжан Хамрабаев аймакты өнүктүрүү программасы, ирригациялык тармактарды, тамак-аш өнөр жайын, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, аймактын 202 айылынын 30у гана интернет-байланышы бар. Жалпы облусту Интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 миллион сом керектелет. Мындан тышкары, 42 айылда мобилдик байланыш жок.

Исаков өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү. Алар: 

"Таза Суу", анткени ичүүчү суу жарандардын жашоосунда чоң мааниге ээ; 

Ирригация боюнча кадам, анткени бул аймакты жана агроөнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн манилүү; 

"Таза Коом" кадамы чоң мааниге ээ.

"Биз бул үч кадам алкагында жарандарыбыздын бакубаттуулугу үчүн иш алып баруубуз керек, анткени, алар Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү", — деди Исаков.

Өкмөт башчы коңшу мамлекеттер менен достук мамилени сактоо, өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Ошондой эле Баткен облусу эки мамлекет менен чектешкендиктен коңшу мамлекет менен чогуу иш-чараларды өткөрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Тема боюнча

Абайлаңыз! Интернетте негизсиз сын айткандарга 20 миң сом айып салынышы мүмкүн
Дубай полициясына суктанган Сапар Исаков, оозду ачырган "Көз" долбоору
Исаков Дубайдын "акылдуу шаар" долбоору менен таанышты. Премьерди коштоп баргандар
Белгилер:
байланыш, интернет, Сапар Исаков, Баткен облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ