Бишкекте кайсы үйлөргө жарык берүү үчүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамена старых изоляторов сотрудниками НЭСК
Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада 373 арыз түшүп, анын ичинен 328и оңдолду

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ААКсынын маалымат кызматы Бишкекте кайсы үйлөргө электр жарыгын берүү үчүн оңдоо иштери жүрүп жатканын айтып берди.

30-январь күнкү саат тогуздагы маалыматка караганда, бир суткада 373 арыз түшүп, анын ичинен 328и оңдолду.

Күч келгендиктер иштен чыгып калган жабдууларды оңдоо иштери төмөндөгү даректерде жүргүзүлүп жатат:

Токтоналиев көчөсүндөгү 20, 40, 42, 48,50 үйлөр (электр зымы жабыркаган);

Шота Руставели көчөсүндөгү 54, 111, 113 үйлөр (электр зымы жабыркаган);

Турусбеков көчөсүндөгү 41-үй (электр зымы жабыркаган);

Арча-Бешик конушунун түштүк-батышы;

5-кичи районунун 14А, 14Б, 22, 22А, 33, 34, 64, 65-үйлөрү;

8-кичи районунун 1,2,18,19,30, 35, 36-үйлөрү;

10-кичи районунун 9,10, 16, 17,18-үйлөрү;

11-кичи районунун 1,2-үйлөрү;

12-кичи районунун 53-үйү;

Асанбай кичи районундагы 8-үй.

Бузулган жабдууларды калыбына келтирүү максатында шаар ичинде 35 ыкчам топ иштеп жатат.

Электр жарыгысыз калган шаардыктар күнү-түнү иштеген 12-09 номуруна же +996 772 001209 номурундагы WhatsApp каналына кайрылса болот.

Үйлөргө качан толук кандуу жылуулук бериле турганын премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0