Мэрия: мончо, түнкү клуб, көңүл ачуучу борборлор ишин токтотпойт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-январь мэр Албек Ибраимов шаардыктарды Бишкек ТЭЦиндеги абалга түшүнүү менен мамиле жасап, үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей туруусун суранган

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде көйгөй жаралып жатканына карабай шаардын аймагында электр энергиясын көп талап кылган мончолор, түнкү клубдар жана көңүл ачуу борборлору адаттагыдай иштей берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Мэриянын иш пландарында суук күндөрдө электр энергиясын үнөмдөө максатында көңүл ачуучу мекемелердин ишин чектөө боюнча иш-чаралар каралган эмес. Эгер мындай чечимди өкмөт кабыл алса, албетте, буйрук аткарылат", — деп айтышты мэриядан.

Өкмөттүн маалымат кызматы дагы мындай чаралар тууралуу сөз боло элегин кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кырдаалды талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков ТЭЦтеги авариянын кесепети боюнча үн катты
Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу.

27-январь күнү борбор калаанын мэри Албек Ибраимов шаардыктарды Бишкек ТЭЦиндеги абалга түшүнүү менен мамиле жасап, үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей туруусун суранган.

Ошол күндөрдөн бери Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Бишкек сегодня" деген аталыштагы Telegram группасына шаардыктар батирлер жылыбай, электр жарыгы өчүрүлүп жатканын айтып даттанып келишет.

Ушу тапта ТЭЦ кандай иштеп жатканын көрсөтүү үчүн мекеме журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0