Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Иссык-Кульско области
Погода в Иссык-Кульско области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Зима в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Аба ырайына байланыштуу мектептер каникулга тарайбы? Министрликтин жообу
Ага ылайык, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө —3…-8, Талас өрөөнүндө —1…-6 градус суук болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 1…6 градус жылыйт. Ысык-Көл облусунда абанын температурасы болсо 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыса, Нарында —11…-16 градус суук болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, 7 градус суук болсо, Ошто 6 градуска чейин жылыйт.

29-январга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0