Муфтий ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөлөрү менен жолукту

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү
Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл штабды Жоробай ажы Шергазыев жетектейт

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Муфтий Сауд Аравиянын ажылык министрлиги былтыркы уюштуруу иштерине жогорку баасын бергенин айтты.

2016-жылкы ажылык сапардын формасынын презедентациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барчулардын кийимин тигүүгө жана эмдөөгө конкурс жарыяланды
Токтомушев жолугушууда 2018-жылдагы ажылык боюнча Сауд Аравиянын талаптарын айтып берген. Муну менен катар 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын курамына өзүнүн ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле муфтий 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабды Жоробай ажы Шергазыев жетектей турганын билдирип, жамаатка тааныштырган.

Муфтияттын маалымат кызматы Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу 2014-жылдан бери бир системага түшкөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0