Былтыр 13 кызматкер ички иштер органынын талабына жооп бербейт деп иштен алынган

© Sputnik / Табылды КадырбековУвольнение сотрудников милиции
Увольнение сотрудников милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси канча кызматкерге жаза берилгенин айтты

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен миңден ашык кызматкер ар кандай дисциплинардык жазага кириптер болгон. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында билдирди. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов
Заместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения МВД Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов

Жол кырсыгы болгон жердеги тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Кыргызстандагы жол кырсыктарынан 803 чоң киши, 104 бала каза болгон
Анын айтымында, былтыр 23 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми ички иштер органында иштөөгө дал келбеген жүрүм-туруму үчүн 13 кызматкер кызматтан кетирилген.

Саркулов ошондой эле учурда аталган кызматта иштегендердин жоопкерчилигин жана профессионалдуулугун арттыруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0