Нарын шаарынын судьясына туура эмес өкүм чыгарган деп кылмыш иши козголду

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык сот кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы айтылууда

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясына Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Туура эмес өкүм чыгаруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тергөө учурунда аныкталгандай, 2017-жылдын 14-сентябрында жол кырсыгы боюнча иш каралып, сот К.Р. аттуу жаранды шарттуу түрдө үч жылга кескен. Бирок ошол эле күнү жабырлануучунун мыйзамдуу төрт өкүлүнө карата "соттун эскертүүлөрүнө баш ийбөө" жана "сотту сыйлаган жок" деген негиз менен ар бирине 10 миң сом айып пул салынган.

"Башкача айтканда, ишти караган сот кылмыш ишин козгобой, тергебей жана өндүрүшкө албай туруп өзүнүн актысы менен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Нарын шаардык прокуратурасынын доо арызынын негизинде соттун чыгарган өкүмдөрү мыйзамсыз жана негизсиз деп жокко чыгарылган.

Учурда кылмыш иши тийиштүү укук коргоо органдарына териштирүү үчүн берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0