Күндүн көзү бузулуп ӨКМдин ыкчам тобу Төө-Ашууга, Чычкан капчыгайына чыгып кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош жолу. Архив
Бишкек — Ош жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ машиналардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Аба ырайы бузулгандыктан жеринде тезинен жардам берүү үчүн ӨКМдин ыктам тобу бүгүн, 11-январда, Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууга жана Чычкан капчыгайына жөнөп кетти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тоолуу аймактардагы жолдорго чыгууну пландап жаткан айдоочулар этият болушу керектигин ӨКМ эскертет.

Ошондой эле автоунааларга кышкы дөңгөлөк тагып, Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу берген маалыматтарын кунт коюп угуу керектигин кошумалайт.

Андан сырткары, машиналардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин белгилейт. Эгер өзгөчө кырдаалдарга тушуккан учурда 112 кызматына чалуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0