"Манас" аэропортуна майыптар үчүн атайын жабдуулар орнотулду

© Sputnik / Азат Акаев"Манас" аэропорту. Архив
Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле бийиктиктен карай турчу атайын лифттер коюлган

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тепкичтерге атайын жабдуулар орнотулду. Алардын видеосу компаниянын Facebook баракчасына жарыяланды. 

Мындай аракеттер майыптардын аэропорттун ичинде ээн-эркин жүрүүсү үчүн жасалууда.

Атайын жабдуулар аэропорттун экинчи кабатынан үчүнчүгө көтөрүлүп түшүү үчүн орнотулган.

Ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ар бири 1000 килограммга чейин жүк көтөрө алчу эки лифт коюлган. Ал эл аралык стандартка жооп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0