Боронов: эми Кыргызгидрометтин божомолуна шек санабай ишенүүгө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурда
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири калааларга, шаар аралык трассаларга жана мөңгүлөр жайгашкан жерге гидрологиялык көзөмөл түйүнүнүн автоматтык метеостанциялары орнотулат

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 2018-жылы өлкөдө Кыргызгидрометтин иши кыйла жакшырат. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурда билдирди.

Шаар тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жума аягына чейин Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөт
Анын айтымында, ири шаарларга, калаа аралык трассаларга жана мөңгүлөр жайгашкан жерге гидрологиялык көзөмөл түйүнүнүн автоматтык метеостанциялары орнотулат.

Муну жардамы менен кар көчкү түшүү жана жолдордо жаралган кооптуулуктар боюнча маалымат түшүп турат. Ошондой эле Кыргызстандагы аба ырайын аныктоо иши жакшырып, так маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

"Эми Кыргызгидромет Кыргызстанда жамгыр жаайт десе, демек жаайт. Андан шек санабай эле койсоңуздар болот. Эгер жаан-чачын күтүлбөйт десе, иш жүзүндө дагы ошондой болот", — деди министр.

Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0