00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бааланбай кетти!.. Ырчы Мурадил Сагыналиев тууралуу 7 факты

© Фото / Facebook / Мурадил СагыналиевРуководитель группы "Эл шайырлары" Мурадил Сагыналиев
Руководитель группы Эл шайырлары Мурадил Сагыналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүнүн 25 жылын аталган жайда өткөргөн ырчы "балким жаңы жыл алдында наам алып калаармын" деп сүйүнүп жүргөнүн айткан кесиптештери таланттын эч наам албай, убагында бааланбай кеткенине кейишти.

Sputnik Кыргызстан кайтып келбес сапарга узаган, Улуттук филармониянын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиевдин өмүрүнө саресеп салып, бир нече фактыларды даярдады.  Ал 14-декабрь күнү өнөкөт оорудан каза тапкан.

Балалыгы. Мурадил Сагыналиев 1972-жылы 6-ноябрда Талас облусуна караштуу, Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Бала кезинен элдик ыр-күүгө жакын болуп, айылдык өздүк көркөм чыгармачыл топтордун ийримдерине катышчу.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
Өнөр жолу. Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык эстрада-фольклордук студиясын ийгиликтүү аяктаган ырчы алгачкы өнөр жолун Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда артист болуп баштаган. Ошондон бери аталган фольклордук топто эмгектенип, ал жакта көркөм жетекчи болуп иштеп жаткан. Андан сырткары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы фольклордук-эстрадалык жана бий студиясында окутуучу болуп, көптөгөн шакирттерди даярдап чыккан.

Өзү жок ырлары калды. Сагыналиев мыкты талант чебер аткаруучу катары Атайдын, Мусанын, Калмурат, Боогачы сыяктуу залкар өнөрпоздордун чыгармаларын элдик нукта аткаруу менен жалпы журтчулуктун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Анын аткаруусундагы далай элдик чыгармалар "Алтын фондуга" жазылып, кыргыз искусство тарыхында түбөлүккө сакталып кала бермекчи. Ал тарбиялаган шакирттер азыркы күндө кыргыз элинин фольклордук маданиятын өстүрүүгө зор салым кошуп келишүдө.

Үй-бүлөсү. Ырчынын артында бир кыз, бир уулу калды. Жубайы кесиби боюнча мугалим. Улуу кызы турмушка чыкса, уулу учурда борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде студент.

Футболго кызыкчу. Фольклорду катырган ырчы бош убактысында футболго бараарын шакирттерине айтып калчу. Кесиптеш, шакирттери аны мүнөзү жумшак, кичи пейил, өз ишин мыкты билген профессионал эле деп эскеришти.

Өнөкөт оору. Ырчы буга чейин эле уйку бези ооруп жүргөнүн кесиптештерине айтып калчу экен. Мындан улам ал алты жыл мурда аталган органына операция жасаткан. Бирок оорусун эч кимге билгизбегенге аракет кылчу.

Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саясатка кызыкпайт, өлкөдөн кетпейт. Кыргызстандык жаштар жөнүндө 10 факты
Бааланбай кеткен талант. Сагыналиев  ата мекендик жана эл аралык көптөгөн сынактардын катышуучусу, лауреаты болгон. 2005-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Рыспай Абдыкадыров атындагы эл аралык сыйлыктын, мамлекеттик тил комиссиясынын "Кыргыз тили" төш белгисинин ээси. 2005-2010-2014-жылдары үч жолу жеке чыгармачылык концертин берген. Чыгармачыл жолун филармониядан баштап, өмүрүнүн 25 жылын аталган жайда өткөргөн ырчы "балким жаңы жыл алдында наам алып калаармын" деп сүйүнүп жүргөнүн айткан кесиптештери таланттын эч наам албай, убагында бааланбай кеткенине кейишти.

Улуттук филармониянын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев 14-декабрь күнү өнөкөт оорудан каза тапты

Жаңылыктар түрмөгү
0