Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, айрым жерлерди туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 5…6 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 2, Нарында 6 градус суук болот.

Ош шаары менен Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы 2…4 градуска төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0