Казакстандыктар Жээнбековдун келиши менен эки өлкөнүн мамилеси оңолоруна ишенет

Жазылуу
Чек ара көйгөйү 10-октябрдан тарта башталган, Казакстанда бул боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй тууралуу казакстандыктардын басымдуу бөлүгү кабардар. Түзүлгөн жагдайдага көпчүлүк кабатыр болуп жатат. Бул тууралуу "Нұр Отан" саясий анализ жана стратегиялык изилдөө партиясынын адиси Владимир Тельнов билдирди.

Эксперт мындай пикири менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргыз-казак мамилелерин калыбына келтирүү — тараптардын пикири" аттуу видео көпүрө учурунда маалымдады.

Анын айтымында, калк арасында телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн.

"Коомчулуктун басымдуу бөлүгү чек ара көйгөйү боюнча маалымдар. Ар бир экинчи адам муну талкуулап жатат. Демек элдин тынчын алган маселени чечүү керек. Сурамжылоо биздин элдин көпчүлүгү Кыргызстанга жаңы башчынын келиши менен эки тараптуу мамилелер жөнгө салынарына үмүт артып жатышканын көрсөттү", — деди Тельнов.

Ал ошондой эле азыркы кылымда жаңы технологиялардын арты менен деңиз аркылуу соода-сатык жүргүзүүгө караганда, кургактагы соода жүгүртүү кыйла пайдалуу экенин белгиледи. Адис буга ылайык Казакстан тоскоолдуктарды жаратпай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0