БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте 30-ноябрь күнү "Мамлекеттик тил боюнча улуттук программанын билим берүү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги" деп аталган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.
"Жыйынга келгендер аталган программанын жогорку окуу жайларда ишке ашуусу жана жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу сөз кылышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чарага КР президентинин, өкмөт аппаратынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышат.
Конференция Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында өтөт.