Президент: кечиримди Атамбаев эмес, өлкөнүн ишине кийлигишкендер сурашы керек!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение президентской стипендии лучшим студентам вузов страны
Вручение президентской стипендии лучшим студентам вузов страны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга учурдагы президент, жаңы шайланган өлкө башчы, премьер-министр жана ЖК депутаттары катышууда.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кечиримди Атамбаев эмес, өздөрүнүн саясатын башка өлкөгө таңуулап жаткандар сурашы керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты.

Президенттин айтымында, Казакстандын Кыргызстанга карата киргизген чектөөлөрүнөн улам өлкө кайсы жагынан алсыз экени аныкталды.

"Жогорку Кеңештегилер Атамбаев барып кечирим суршы керек деп жатышат. Эч убакта андай болбойт. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Биздин ички саясатыбызга кийлигишпегиле дегендин эмнеси жаман?", — деди өлкө башчы.

Атамбаев коңшулар менен сый мамиледе болуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстанды мындан ары эч ким алган багытынан жаздыра албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0