Жума ортолоп кар жаайт. ӨКМдин апта аягына чейинки божомолу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада аба ырайы маалы-маалы менен өзгөрүп турмакчы

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 16-ноябрдан тарта өлкөдө жамгыр жаап, ал карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 мерге жетет.

15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы айтылууда.

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда көмүрдү кайдан сатып алса болот. Көмүр базаларынын тизмеси
16-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым жерлеринде да жамгыр төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

17-18-ноябрда күн бир аз ачылып, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрди түзмөкчү.

19-20-ноябрда кээ бир райондордо абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын жаашы божомолдонуп жатат.

Бишкекте 14-15-ноябрда түнкүсүн күн ачык болот, бирок 16-ноябрдан тарта жаан жаап, ал карга айланышы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетмекчи.

Ош шаарында дагы 16-ноябрдан баштап жамгыр жаай баштайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетери маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0