Милиция Маевкада автоунааларды өрттөөгө шектелген кишини кармады

© Sputnik / Данияр СандыбаевМаевкада өрттөлгөн унаа. Архив
Маевкада өрттөлгөн унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-октябрга караган түнү белгисиз киши Маевка айылында бир нече машинаны өрттөгөн

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Милиция Аламүдүн районундагы Маевка айылында бир нече машиналарды өрттөөгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин милиция аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп ИИМден билдиришти.

Маевкада өрттөлгөн автоунаа - Sputnik Кыргызстан
Маевкада үйлөр менен унааларга өрт коюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Маевка айылында 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринде турган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Ошондой эле Subaru менен Toyota автолорун өрттөө аракети болгон. Мындан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин айылдагы чач тарач менен времянканы өрттөө аракеттери болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0