Шайлоодо мыйзам бузуу катталса БШКнын кыска номерине кабарлаңыз

© AFP / Vyacheslav OSELEDKO Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан
Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын бузулушу тууралуу маалыматты WhatsApp аркылуу да жиберсе болот

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, жарандар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын байланыш номурларына чалып кабарлай алышат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКда мыйзам бузууларга ыкчам жооп берүү үчүн атайын координациялык топ түзүлдү. Шайлоо учурунда мыйзам бузуу катталса жарандар төмөндөгү телефондор аркылуу кабарласа болот:

  • Тынымсыз байланыш номуру — 1255 (чалуу акысыз);
  • Бишкектеги коомдук кабылдама — (0312) 66-02-40, 62-01-41;
  • Оштогу коомдук кабылдама — (03222) 5-55-50, (0552) 60-41-79, (0772) 60-41-79.

Мындан сырткары, жарандар маалыматтарды KGOR.TSIK@gmail.com дарегине же WhatsApp аркылуу 0550 11-89-52 номерине жөнөтсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0