Кыргыз-казак чек арасындагы азыркы абал

© Sputnik / Актан ТемиркановКыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, кишилерди жана унааларды өткөрүү тездеп калды

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунда анча чоң эмес тыгын бар экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

10-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасында Казакстанга киргизүү боюнча көйгөйлөр жаралган.

Мунун айынан бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болуп, кезек күткөн адамдардын саны көбөйгөн. 

"Анча чоң эмес тыгын болду. Бирок кечээтен баштап унааларды жана кишилерди өткөрүү бир аз ылдамдап калды", — деди күбө.

Өткөрүү пункттарына жакын жерде ӨКМ кызматкерлери орноткон чатырлар ошол бойдон турат. Зарыл болгондор ал жакка кирип жылынып, тамактанып алса болот. Ошондой эле тез жардам унаалары дагы кете элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0