07:46 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Жизнь и быт в городе Бишкек

Кыргызстанда учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
144 0 0

Өлкө аймагында учурда кандай окуялар болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп турсаңыз болот

Кайрадан эл-журт менен эсен-соо амандашып жатканыбызга курсантпыз. Анда эмесе, кеттик. Бүгүн күнгө жума, аба ырайы да сонун!

Жаңы билдирүү
  • 15:51

    Ошто каралбай жаткан эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди

    Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил багы толугу менен реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди. 

    Сейил бактын ачылыш аземинде калаа мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99 пайызы үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн айтты. Ал эми жеке менчикке өтүп кеткен парктар да муниципалдык менчикке кайтарылгандыгын белгиледи.

    “Жибек Жолу” атындагы эс алуу багы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыктан бак-дарактар куурап, кейиштүү абалда  болчу. Аз убакыт өтпөй муниципалдык менчикке кайтарып алып, реконструкциялай баштаганбыз. Учурда сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, шаардагы эң кооз жайлардын бирине айланды”, - деди Кадырбаев.

    Эс алуу жайдын оңдолушуна жалпы 4,5 млн. сом сарпталган. 

    Кадырбаев сейил бакты реконструкциялоодо көмөк көрсөткөн “МКР” ишканасынын жетекчиси Гу Хуижунга ыраазычылык билдирип, ардак грамота тапшырды. 

  • 15:36

    Президент Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча оюн айтты

    7-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Казакстан бийлиги тууралуу кескин пикирин билдирген. Ошондон бир нече күндөн кийин эле эки өлкөнүн чек ара постторунда кыргыз жарандарын Казакстанга киргизүү боюнча көйгөйлөр жарала баштаган.

    Церемония открытия многоквартирного жилого дома, построенного для чекистов в Бишкеке

    Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу оюн билдирди

    7-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Казакстан бийлиги тууралуу кескин пикирин билдирген. Ошондон бир нече күндөн кийин эле эки өлкөнүн чек ара постторунда кыргыз жарандарын Казакстанга киргизүү боюнча көйгөйлөр жарала баштаган.
    Дагы
  • 15:01
    Атайдын Адем тобу Малайзияда азиялыктар менен таймашып финалга өттү. Видео

    Атайдын "Адем" тобу Малайзияда азиялыктар менен таймашып финалга өттү. Видео

    "Адем" тобунан калыстар эмне көрсөтөсүңөр деп сураганда бийчилер "мындайды буга чейин көргөн эмессиңер" деп жооп беришкен
    Дагы
  • 13:05

    Баткенде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үйлүү болду

    Жаңы конуштун ачкычтарын президент Алмазбек Атамбаев тапшырды.

    Многоэтажный жилой дом построенный для сотрудников МВД в Баткенской области
    © Sputnik / Феруза Аскарбек кызы
    Многоэтажный жилой дом построенный для сотрудников МВД в Баткенской области
    © Sputnik / Феруза Аскарбек кызы
    Многоэтажный жилой дом построенный для сотрудников МВД в Баткенской области
    © Sputnik / Феруза Аскарбек кызы
    Многоэтажный жилой дом построенный для сотрудников МВД в Баткенской области
    © Sputnik / Феруза Аскарбек кызы
  • 11:25
    Оорукана. Архив

    Бишкекте эмчек рагына карата акысыз текшерилүү боюнча акция өтөт

    Маммологиялык борбор Бишкектин тургундары жана меймандары үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрөт
    Дагы
  • 09:49

    Оштун Курманжан датка-2 аймактык кеңешинде бала бакча ачылды

    Тургундар алгачкы ирет бала бакчага ээ болушту. Ал 75 бөбөккө ылайыкташтырылган. Жакын арада аталган аймактагы мектептин курулушу соңуна чыгат.

    Открытие детского сада в ТИК Курманжан Датка-2 в городе Ош
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
    Открытие детского сада в ТИК Курманжан Датка-2 в городе Ош
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
    Открытие детского сада в ТИК Курманжан Датка-2 в городе Ош
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • 09:47

    "Ата керээзи" тасмасынын авторлору "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлдү

    "Ата керээзи" тасмасынын сценарийин жазган Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул Азия — Тынч океан киноакадемиясынын "Мыкты киносценарий" номинациясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары маалымдашты. 

    Ошондой эле алар номинант катары аталган киноакадемияга мүчө болгону айтылат. 

    "Бул кыргыз кинематографиясынын дагы бир алгылыктуу жетишкендиги болду. Азия — Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгын дүйнөлүк кино индустриясында "Азия оскары" деп аташат", — деп айтылат билдирүүдө. 

    Сыйлык тапшыруу аземи 23-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт. 


  • 09:44

    Памир кыргыздары Нарындын Куланагына жайгаштырылат

    Күндү жакшы жаңылыктан баштап, Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлап келген мекендештерден баштайлы. Кечээ Кыргызстандын астанасын аттаган кандаштар Жалал-Абадга өргүп, бүгүн аларды Нарын эли салтанаттуу тосуп алат.

    Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлаган мекендештердин ичинен 33 киши Ата Журтуна көчүрүлүп, бүгүн Кыргызстандын босогосун аттады

    Памир кыргыздары Нарындын Куланак айылына отурукташат

    Ушу тапта мекендештерди тосуп алууга даярдыктар аяктады
    Дагы
Белгилер:
жаңылыктар, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ