ЖАЛАЛ-АБАД, 13-окт. — Sputnik. "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому шайлоо күнү облустагы 411 шайлоо тилкелерин тейлейт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.
Ар бир шайлоо тилкесине бирден электр монтер бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин аяктаганча нөөмөттө турат.
"Үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Мындан сырткары, атайын 65 мобилдик тайпа иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.