00:57 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди

Бишкекте ири көпүрөнүн бири ишке берилди

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
264 0 0

Борбор калаада учурда дагы 12 көпүрөдө курулуш иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди
    Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Көпүрөнүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев жана башка шаар башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан
    Көпүрөнүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев жана башка шаар башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жаңы көпүрөнүн узундугу 54,2 метр, ал эми туурасы 14,9 метрди түзөт.
    Жаңы көпүрөнүн узундугу 54,2 метр, ал эми туурасы 14,9 метрди түзөт.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди

Билдирүүгө ылайык, көпүрөнүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев жана башка шаар башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан.

Маалыматка ылайык, жаңы көпүрөнүн узундугу 54,2 метр, ал эми туурасы 14,9 метрди түзөт.

Мэр иш-чарада сүйлөп жатып учурда узундугу 73 чарчы километрге жеткен 36 көчө оңдолуп жатканын баса белгилеп кетти.

"Бүгүн дагы оңдоп-түзөөдөн өткөн 12 жол ачылды. Мындан тышкары 12 көпүрөдө да курулуш иши жүрүп жатат", — деди мэр.

Жергиликтүү тургундар мэриянын дарегине ыраазычылык билдиришти.

Тема боюнча

Зымырап жүрүп калабыз. Калаада жасалып жаткан жолдордун картасы
Бишкек менен Чүйдүн газ берилген жана бериле турган көчө-конуштары. Карта
Белгилер:
курулуш, жол, көпүрө, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ