Бишкек тазараак болуп калабы? "Тазалык" жаңы техника сатып алды

Жазылуу
Шаар бюджетинен "Тазалык" ишканасы үчүн бөлүнгөн каражатка мурдараак 32 атайын техника сатып алынган

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды жыйноочу 15, универсалдык төрт унаа менен камсыз болгонун Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн шаар башчысы Албек Ибраимов ишкананын кызматкерлерине унаалардын ачкычын тапшырды.

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды жыйноочу 15, универсалдык төрт унаа менен камсыз болгон
Тазалык муниципалдык ишканасы таштанды жыйноочу 15, универсалдык төрт унаа менен камсыз болгон - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды жыйноочу 15, универсалдык төрт унаа менен камсыз болгон
© пресс-служба мэрии города БишкекБүгүн шаар башчысы Албек Ибраимов ишкананын кызматкерлерине унаалардын ачкычын тапшырды.
Бүгүн шаар башчысы Албек Ибраимов ишкананын кызматкерлерине унаалардын ачкычын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бүгүн шаар башчысы Албек Ибраимов ишкананын кызматкерлерине унаалардын ачкычын тапшырды.
1/2
"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды жыйноочу 15, универсалдык төрт унаа менен камсыз болгон
2/2
Бүгүн шаар башчысы Албек Ибраимов ишкананын кызматкерлерине унаалардын ачкычын тапшырды.

Унаалардын бардыгына каражат шаар бюджетинен бөлүндү.

15 унаа акыр-чикирди шаардын ичинен жыйнап, таштанды полигонуна чейин жеткирет. Ал эми универсалдык төрт машинанын үстүнө ар кандай функцияларды аткаруучу жабдууларды орнотсо болот. Алар дагы жыл бою шаарды тазалоого, көрктөндүрүүгө жардам берет.

"Учурда "Тазалык" ишканасынынын автопаркында 251 атайын техника бар. Алардын ичинен 196сы иштейт. Күнүнө шаардын тазалыгы үчүн 175-180 унаа жумушка чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Шаар бюджетинен "Тазалык" ишканасы үчүн бөлүнгөн каражатка мурдараак 32 атайын техника сатып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0