БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 9-октябрдан тарта шайлоо аяктаганга чейин электр энергиясы үзүгүлтүккө учурабай турганын "Түндүкэлектр" ишканасынан маалымдашты.
Эске салсак, компания подстанцияларда оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан маалдарда жарыкты өчүрүп турат.
"Пландык өчүрүүлөр шайлоо бүткөнгө чейин токтотулат. Албетте, күтүлбөгөн учурда подстанциялар да бузулуп калышы ыктымал. Мындай учурда оңдоочу бригадалар барып оңдоп турмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүн, 9-октябрда, электр жарыгын Бишкектин 43 көчөсүндө өчүрүү пландалып жаткан.
"Түндүкэлектр" ишканасы Чүй, Талас облустарына жана борбор калаага кызмат көрсөтөт.