Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан шаар тургуну. Архив
Көчөдө бараткан шаар тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Эртең Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 8…13 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 9…14 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болушу күтүлүп жатат.

Бишкекте 11…13 градус жылуу болсо, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн 12…14 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0