Үч миллиондон ашык шайлоочунун бир миллиону аты-жөнүн тизмеден текшерди

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочуну тизмеден текшерүү. Архив
Шайлоочуну тизмеден текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 10-августтан 3-октябрга чейин үч миллиондон ашык шайлоочунун бир миллиону аты-жөнүн шайлоо тизмесинен текшергенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш иши козголгон талапкердин тагдыры кандай болот
Ага ылайык, шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн shailoo.srs.kg сайты, 119 номерине кыска билдирүү жөнөтүү менен жана Мамкаттоонун 119 номерине чалуу аркылуу тактаган.

Кыска билдирүү аркылуу аты-жөнүн текшергиси келгендер 119 номерине персоналдык идентификациялык кодду жиберсе система жаран кайсы шайлоо участкасында экени тууралуу маалыматты жөнөтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0