ОШ, 25-сен. — Sputnik. Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн үч милиция кызматкери жумуштан бошотулду. Бул туурасында ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, РИИБдин жетекчилиги дисциплинардык тартипте жазаланды.
"Үч милиция кызматкери Ички иштер министрлигинин талаптарын жана ички иштер кызматынын уставын бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын жараны Фахридин Назировду Чоң-Алайда милиция кызматкерлери негизсиз коркутууга алып, акча талап кылганын билдирген. Андан кийин Тажикстандан келе жаткан кыргыздарды коркутуу жолу менен акча алды деп айыпталып жаткан Чоң-Алай РИИБдин милиция кызматкерлерин райондук прокуратура менен ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерип жатканы маалымдалган.