16:23 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Балдар бакчасы. Архивдик сүрөт

Мэрия бала бакча салына турган аянтты кайтарып алды

© Фото / Нурзада Мукашева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
78 0 0

Мындан сырткары, жашоочулардын арызынан улам мыйзамсыз салынып жаткан тандыр да алынды

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мэриянын алдындагы Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" ишканасы менен биргеликте бала бакча салына турган аянтты өз карамагына кайтарып алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, "Көлмө" жаңы конушунун Теңдик көчөсүндөгү бала бакча курула турган жерге курулуш майзамсыз салынып калган. Мындан улам аны түрттүрүүгө туура келген.

"Андан сырткары, Тимирязев көчөсүндөгү жашоочулардын арызынан улам мыйзамсыз салынып жаткан тандыр да алынды. Аталган жайлар муниципалдык аймакта тийиштүү ураксат кагаздары жок курулуп жаткан", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин мэрия кызматкерлери аталган мыйзамсыз курулуш ээлерине аларды алуу боюнча эскертүү берген. Бирок тапшырма убагында аткарылбагандыктан ал жайлар түрттүрүлдү.

Тема боюнча

Бишкекте өзүм билемдик менен курулган унаа жуучу жай түрттүрүлдү
Белгилер:
мэрия, курулуш, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ