06:10 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Мечит. Архивдик сүрөт

Ошто сопулар азанды көркөм айтууну үйрөнүштү

© Sputnik / Максим Богодвид
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Иш-чаранын алкагында азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары боюнча маалыматтар берилди.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитинде азанчылар үчүн окутуу семинары өткөнүн муфтияттан билдиришти.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө намаз убактыларынын бекитилген эрежелери жана алардын аралыгы шарият менен астрономиялык илимдин негизинде түшүндүрүлгөн.

Ал эми экинчи бөлүгүндө азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары боюнча сабактар өтүлдү. Ошондой эле сопуларга практикалык тапшырмалар берилип, азан айтуу кырааттары текшерилген.

"Семинардын негизги максаты — азанды өз эрежелерине ылайык көркөмдүү айткан адистерди даярдоо. Мындай иш-чараларды Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүү пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Семинарга катышкан азанчылар тиешелүү сынактан өтүп, сертификатка ээ боло алышат.

Тема боюнча

Кытай менен Кыргызстандын Дин иштери боюнча мекемелери кызматташат
Белгилер:
азан, семинар, мечит, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ