Ар жердеги кыргыз диаспораларын бириктирип, ассоциация түзүү демилгеленүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях
Митинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Идеянын максаты — бир билекке биригип, чет жактагы кыргыздардын ынтымагын арттыруу

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жер шарындагы кыргыз диаспораларын, студенттердин башын бириктирүү сунушталууда. Бул тууралуу демилгенин авторлорунун бири, "XXI кылымдын кадрлары" программасы менен Кытайда билим алган Илимбек Курманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул идеяны чет жактагы кыргызстандыктардын көбү колдоп жатат

"Учурда ар бир өлкөдө кыргыздардын уюмдары, диаспоралар бар. Биз ушулардын башын бириктирүүнү демилгелеп жатабыз. Максатыбыз — бир билек болуп, ынтымакты арттыруу. Бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, жардам берүү. Учурда Япония, Россия, Кореядагы студенттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, демилге колдоо табууда. Буюрса ушул максаттын үстүндө иштеп жатабыз", — деди ал.

Илимбек Курманбеков учурда Кытайдын Сыямынь шаарында бизнес багыты боюнча билим алат. Ал дымактуу жаштар чогулуп, өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылышы керек деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0