Атайын комиссия Бишкектеги жаңы мечитти текшерди

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия жаңы мечиттин тегерегинде жер тилкесин кеңейтип, муниципалдык аянтка кирип алган шаар тургундарына эскертүү берди

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Атайын түзүлгөн комиссия Бишкекте курулуп жаткан ири мечиттин айланасындагы жолдорду кеңейтүү планын караганы муфтияттын сайтында жарыяланды.

"Комиссия мечиттеги курулуш иштер менен таанышкан соң анын айланасындагы жолдорду кеңейтүү маселесин карашты. Мындан тышкары, муниципалдык жерлерди аныктап, айрым жер тилкесин кеңейтип алган шаар тургундарына эскертүү беришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Комиссиянын курамына Бишкек шаардык башкы архитектура, мэрия, Свердлов райондук акимчилигинен жана жергиликтүү ведомстводон өкүлдөр кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0