Медакадемиянын лицейи окуучуларды эми кыргызча да окутат

© Фото / пресс-служба КГМАЛицей при КГМА имени И.К. Ахунбаева
Лицей при КГМА имени И.К. Ахунбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицейдин имараты быйыл толугу менен оңдолуп, парта, столдору жаңыланган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын лицейинде сабактар эми кыргыз тилинде да окутулат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай аракет Медициналык академия ачылгандан бери биринчи жолу ишке ашып жатат.

"Эми келечекте дарыгер болууну самаган 10-11-класстын окуучулары кыргыз тилинде окуй алышат", — деп айтылат маалыматта.

Лицейдин имараты быйыл толугу менен оңдолуп, парта, столдору жаңыланган. Андан сырткары, китепкана толукталып, интерактивдүү такта менен компьютерлер дагы алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0