Лейлекте 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш
Торжественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мектеп 275 орунга ылайыкташтырылып, жалпы сметалык баасы 58 миллион сомду түздү

БАТКЕН, 1-сен. — Sputnik. Лейлек районунун Кайрагач айылында Абдыкундуз Файзиев атындагы орто мектептин ачылыш аземи өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондук жетекчиликтен билдиришти.

"Аталган мектеп 275 орунга ылайыкташтырылган. Жалпы сметалык баасы 58 миллион сомду түзүп, "Жер-Үй" кенинин эсебинен каржыланган", — деп айтылат маалыматта.

Мектептин ачылыш аземине Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов катышып, жалпы жамаатты жана окуучуларды билим күнү менен куттукташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0