ТИМ: чет өлкөдө өз жанын кыйды делген кыздар кыргызстандык эмес

© AFP / ROMEO GACADДжакарта шаары, Индонезия. Архив
Джакарта шаары, Индонезия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, өмүрүнө кол салгандар 34 жана 28 жаштагы эже-сиңди болгон.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева чет өлкөдө өз жанын кыюуга барган деп социалдык тармакта тарап жаткан видеодогу кыздар кыргызстандыктар эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, бул окуя бир нече жума мурун Индонезияда болгон.

"Бул видео чыккандан кийин тактоо үчүн 30дай шаардагы консулдуктарга кайрылуу жиберилди. Алар видеодогу автоунаанын номери Индонезияга таандык экендигин айтып окуяны тактап беришти. Маалыматка ылайык, өмүрүнө кол салгандар 34 жана 28 жаштагы эже-сиңди болгон. Ошондой эле алар 2006-жылдан бери психикалык жактан ооруп жүргөнү аныкталды", — деди Кулукеева.

Мындан сырткары, ал жарандарды такталбаган маалыматтар менен элди дүрбөлөңгө салбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0